ИНСТИНКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНСТИ́НКТ (лат. instinctus – пайда болуу, ой­гонуу) – организмдин тарыхый өрчүү процессинде иштелип чыккан, алардын белгилүү тиричилик шартына ыңгайлануусунун бирден-бир форма­сы. Жаныбар түрүнө тубаса мүнөздүү жүрүм-ту­румуна түрткү болуучу татаал кыймыл-аракет­теринин жыйындысы. Инстинкт жаныбардын шарт­туу ж-а шартсыз рефлекстик ж-а аракеттери­нин татаал чиеленген элементтери. Инстинкт нерв сис­темасы татаал бардык жаныбарларда байкалат. Мындай кубулуштарды балыкта, канаттууда, сүт эмүүчүдө, айрыкча топтошуп жашоочу курт-­кумурскалардан көрүүгө болот. Инстинкт П. Павловдун пикири боюнча жаныбарда ар түрдүү, биологиялык маа­нисине карата бир нече топторго бөлүнөт: азык издөө (олжосун аңдуу, кышка карата азык даяр­доо ж. б. у. с.), коргонуу (мисалы, тиш, тырмак­тын, жүрүм-турумунун ар кандай позалары), жыныстык (балыктардын урук таштоо учурун­дагы миграциясы, канаттуунун ж-а сүт эмүүчү­нүн үйүгүшүүсү), ата-энелик (тукумуна кам көрүү, уя салуу, эмизүү ж. б.). Адамдын инстинкти аң-сезим­ге байланыштуу, себеби адамдын жүрүш-туру­шу коомдук турмуш, социалдык мамилелер м-н жөнгө салынып, жогорку нерв системасы­нын өзгөчө формаларынын негизинде калыпта­нат. Инстинктти изилдөөнүн медицинада психикалык ооруларды аныктоо үчүн, ветеринарияда жаны­барларды тандоодо ж-а байырлаштырууда, айыл чарба зыянкечтерин жоготууда мааниси чоң.