ИНИЦИАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНИЦИА́Л (лат. initialis – башкы) – 1) адам­дын аты-жөнүнүн баштапкы баш тамгалары; 2) китеп текстинин главалары, бөлүмдөрү м-н бөлүкчөлөрүнүн баш тамгалары. Байыркы кол жазма китептерде инициал эреже катары, татаал оюм­-чийим м-н кооздолуп келген. Азыркы китеп басылмаларынын инициалы да айрым учурда иллюс­трация, виньетка, оюу-чийүү сыяктуу жасалга­ланат.