ИНИЦИАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНИЦИА́Л (лат. initialis – башкы) – 1) адамдын аты-жөнүнүн баштапкы баш тамгалары; 2) китеп текстинин главалары, бөлүмдөрү м-н бөлүкчөлөрүнүн баш тамгалары. Байыркы кол жазма китептерде инициал эреже катары, татаал оюм-чийим м-н кооздолуп келген. Азыркы китеп басылмаларынын инициалы да айрым учурда иллюстрация, виньетка, оюу-чийүү сыяктуу жасалгаланат.