ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ
ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ – Индиядагы байыркы жана орто кылымдарда түзүлгөн диний-философиялык окуу системасынын атайын гимнастикалык көнүгүүлөрдү камтыган түрү. Мында адам ар түрдүү позалардын, гимнастикалык көнүгүүлөрдүн негизинде өзүнүн техникасын жана физиологиялык процесстерин толугу менен башкарууга умтулат. Йогалар өздөрүнүн дем алуу системасын, жүрөгүнүн иштешин башкара алат. «Йога» деген сөз жалдырап тиктөө, терең ойлонуу дегенди түшүндүрөт. Йога беш бөлүктөн турат: философиялык дем алуунун ыкмаларын колдонуу; тазалыкты сактоо жана тамак ичпей, ички организмди тазалоо; отуруп терең ойлонуп, бир жерди тиктөө (медиатация); дененин кыймылы менен аткарылган гимнастикалык көнүгүүлөр жана позалар. Дене тарбияга тиешелүү бөлүгү хатха-йога деп аталат, андан ар түрдүү позалар (лотос, шамчырак, маймыл, арстан жана ушул сыяктуу), ошондой эле көнүгүүлөр аркылуу денени чыңдап, кишинин дене-күч сапаттарын (күчтүүлүктү, шамдагайлыкты) өнүктүрүүгө болот. Йога менен машыккандар ооруга көп чалдыгышпайт, тез сакайышат жана көп жашайт.