ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ – Индиядагы байыр­кы жана орто кылымдарда түзүлгөн диний-философиялык окуу системасынын атайын гимнастикалык көнүгүүлөрдү камтыган түрү. Мында адам ар түрдүү позалардын, гимнастикалык көнүгүү­лөрдүн негизинде өзүнүн техникасын жана физиологиялык процесстерин толугу менен башкарууга умтулат. Йогалар өздөрүнүн дем алуу системасын, жүрөгү­нүн иштешин башкара алат. «Йога» деген сөз жалдырап тиктөө, терең ойлонуу дегенди түшүн­дүрөт. Йога беш бөлүктөн турат: философиялык дем алуунун ыкмаларын колдонуу; тазалыкты сак­тоо жана тамак ичпей, ички организмди тазалоо; отуруп терең ойлонуп, бир жерди тиктөө (меди­атация); дененин кыймылы менен аткарылган гим­настикалык көнүгүүлөр жана позалар. Дене тар­бияга тиешелүү бөлүгү хатха-йога деп аталат, андан ар түрдүү позалар (лотос, шамчырак, май­мыл, арстан жана ушул сыяктуу), ошондой эле көнүгүүлөр аркы­луу денени чыңдап, кишинин дене-күч сапатта­рын (күчтүүлүктү, шамдагайлыкты) өнүктүрүүгө болот. Йога менен машыккандар ооруга көп чал­дыгышпайт, тез сакайышат жана көп жашайт.