ИВАНОВ Мстислав Борисович
ИВА́НОВ Мстислав Борисович [03. 01. 1924, СССР, РСФСР (азыркы Россия Федерациясы), Кострома шаары) – 20, 04. 2014, Кыргыз республикасы, Бишкек шаары] – Даңк орденинин толук кавалери. Үй-бүлөсү менен Өзбек ССРинин Самарканд облусунун Катта-Коргон шаарына көчүп келип, ушул жерден мектепти аяктаган. Советтик Армиянын катарына 20. 09. 1942-жылы чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Воронеж, Талаа жана 2-Украин фронтторунда салгылашкан. Курск салгылашуусуна катышып, Украина, Румыния, Венгрия, Австрия ж-а Чехословакияны душмандан бошотушкан. Согуш майданында көрсөткөн

эрдиги үчүн 3- ж-а 2-даражадагы Даңк ордендерин (1944, 1945) алууга татыктуу болгон. Загорск-Быстрица (Украина) кыштагынын
жанында душмандын негизги күчүн калкалаган отрядды талкалап, 69 гитлерчини туткундаганы үчүн 1946-жылы 15-майда 1-даражадагы Даңк орденин алган. Иванов 1950-жылы А. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн соң, Кыргызстанга жиберилген. 1950–79-жылдарда Кыргыз ССР геология башкармалыгында инженер-геолог болуп эмгектенген. 3- даражадагы «Манас», Кызыл Жылдыз, 1-, 2- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.