ИСКУССТВО ФИЛОСОФИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУ́ССТВО ФИЛОСОФИЯСЫ – философия­нын искусствого, эстетикага, көркөм чыгармачылыкка тиешелүү башкы, түпкү маселелерди иликтеген тармагы. Искусство философиясы жалпы эле искусствону, анын түрлөрүнүн табиятын, адам турмушундагы ор­дун--кызматын, көркөм чыгарманын түпкү маа­ни-максатын, сулуулуктун, көрктүн жаралыш, болуш жолун, жөнүн, сүрөткердин коомдогу милдетин, көркөм аң-сезимдин ички сыпат-ка­сиеттерин иликтейт.