ИСКУССТВО ФИЛОСОФИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУ́ССТВО ФИЛОСОФИЯСЫ – философия­нын искусствого, эстетикага, көркөм чыгармачылыкка тиешелүү башкы, түпкү маселелерди иликтеген тармагы. Искусство философиясы жалпы эле искусствону, анын түрлөрүнүн табиятын, адам турмушундагы ор­дун--кызматын, көркөм чыгарманын түпкү маа­ни-максатын, сулуулуктун, көрктүн жаралыш, болуш жолун, жөнүн, сүрөткердин коомдогу милдетин, көркөм аң-сезимдин ички сыпат-ка­сиеттерин иликтейт.