ЖАҢЫ-ЖОЛ (Араван районундагы кыштак)
ЖАҢЫ-ЖОЛ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Дөбө-Коргон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 945 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 18 км түндүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 48 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 3134 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, чайкана бар.