ЖАҢЫ-ЖОЛ (Араван районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖОЛ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Дөбө-Коргон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 945 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Араван кыштагынан 18 км түндүк тарап­та. Ош темир жол бекетинен 48 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 3134 (2025); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, чайкана бар.