КАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Эңилчек ж-а Кайыңды кырка тоолорунун кошулган же­ринен башталып, батышка карай созулат. Узундугу 25,8 км, аянты 107,4 км2. Мөңгүнүн башы де­ңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3400 м бийикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4440 м. Абляцияcынын аянты 23,4 км2. Кайыңды мөңгүсүнүн жогорку бөлүгү Ком­сомол мөңгүсүнүн жогорку сол тармагы м-н биригет. Мөңгү кар көчкүлөрдөн да куралат. Эте­гинин калыңдыгы 170 мдей. Бети (10 км ара­лыкта) уңкул-чуңкул келип, көбү көлмөлөр м-н толгон. Мөңгүдөн Сары-Жаздын сол куйма­сы – Кайыңды суусу башталат.