КАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Эңилчек ж-а Кайыңды кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, батышка карай созулат. Узундугу 25,8 км, аянты 107,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3400 м бийикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4440 м. Абляцияcынын аянты 23,4 км2. Кайыңды мөңгүсүнүн жогорку бөлүгү Комсомол мөңгүсүнүн жогорку сол тармагы м-н биригет. Мөңгү кар көчкүлөрдөн да куралат. Этегинин калыңдыгы 170 мдей. Бети (10 км аралыкта) уңкул-чуңкул келип, көбү көлмөлөр м-н толгон. Мөңгүдөн Сары-Жаздын сол куймасы – Кайыңды суусу башталат.