КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ – Нарын районундагы мамлекеттик токой корукчасы (заказниги). Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 405 га. Таби­гый шартта жакшы ж-а жыш өсүүгө жетишкен теңир-тоо карагайын коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Мында карагайдан башка терек, тал, ит мурун, чычырканак, жапалак арча, шилби, четин ж. б. өсөт.