КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ – Нарын районундагы мамлекеттик токой корукчасы (заказниги). Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 405 га. Табигый шартта жакшы ж-а жыш өсүүгө жетишкен теңир-тоо карагайын коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Мында карагайдан башка терек, тал, ит мурун, чычырканак, жапалак арча, шилби, четин ж. б. өсөт.