«КАЙЫҢДЫ КАБЕЛЬ ЗАВОДУ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАЙЫҢДЫ КА́БЕЛЬ ЗАВОДУ» – ачык акцио­нердик коом (1992). 1958-жылы Панфилов районунда­гы була заводунун базасында «Кыргызкабель» заводу болуп уюшулган. Алгачкы буюмдар 1960-жыл­дан чыгарыла баштаган. Суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу жаңы корпустар курулуп, жаңы технологиялар өздөштүрүлгөн. 1975-жылы завод 29 млн рублдик буюм чыгарган. 1998-жылы заводдо реконструкциялоо иши жүргүзүлгөн, би­рок ал өз профилин сактап калган. 2004-жыл­дан азыркы аталышында.