«КАЙЫҢДЫ КАБЕЛЬ ЗАВОДУ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КАЙЫҢДЫ КА́БЕЛЬ ЗАВОДУ» – ачык акционердик коом (1992). 1958-жылы Панфилов районундагы була заводунун базасында «Кыргызкабель» заводу болуп уюшулган. Алгачкы буюмдар 1960-жылдан чыгарыла баштаган. Суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу жаңы корпустар курулуп, жаңы технологиялар өздөштүрүлгөн. 1975-жылы завод 29 млн рублдик буюм чыгарган. 1998-жылы заводдо реконструкциялоо иши жүргүзүлгөн, бирок ал өз профилин сактап калган. 2004-жылдан азыркы аталышында.