КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ
КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ Талас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 4 км түндүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Кичи Кайыңды суусунун ортоңку бөлүгүндө. 1977–78-жылдарда геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында жиреп чыккан горнблендит интрузиясы жатат. Интрузия туурасы 300–600 м, узундугу 2,5 км аянтты ээлеп, түндүк-батышка созулат. Горнблендит кара түстө, түрдүү кристаллдуу роговая обманка минералынан турат. Жаракалуу болгондуктан, 0,3–0,9 м3 блок алууга болот. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. Запасы 15 млн м3. Дубалдарды кооздоп каптоого болот.