КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ Талас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 4 км түндүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Кичи Кайыңды суусунун ортоң­ку бөлүгүндө. 1977–78-жылдарда геологиялык изилдөө жүргүзүл­гөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягын­да жиреп чыккан горнблендит интрузиясы жа­тат. Интрузия туурасы 300–600 м, узундугу 2,5 км аянтты ээлеп, түндүк-батышка созулат. Горнблен­дит кара түстө, түрдүү кристаллдуу роговая обманка минералынан турат. Жаракалуу бол­гондуктан, 0,3–0,9 м3 блок алууга болот. Жак­шы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. За­пасы 15 млн м3. Дубалдарды кооздоп каптоого болот.