КАВКАЗ КОРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:06, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З КОРУГУ Х. Г. Ш а п о ш н и к о в атындагы – Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунун капталдарында (3350 м бийик­ке чейин) жайгашкан мамлекеттик биосфералык та­бигый корук. Краснодар крайынын, Адыгэ ж-а Карачай-Черкесиянын аймагында. Аянты 2,8 миң км2. 1979-ж. ЮНЕСКОнун биосфералык ре­зерваттарынын дүйнөлүк тармагына киргизил­ген. Кавказдын бийик тоолуу табигый комплек­син коргоо максатында 1924-жылы уюшулган. Ай­магынын 65% аянтын токой ээлейт. Тур, зоо бөкөнү, бугу мекендейт; зубр байырлатылууда. Тисс-самшит реликт токою (Хостанын тегере­гиндеги, аянты 300 га) өсөт. Жаныбарларынын айрымдары РФтин Кызыл китебине катталган. Кавказ коругу 1999-жылы «Батыш Кавказ» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.