КАВКАЗ КОРУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАВКА́З КОРУГУ Х. Г. Ш а п о ш н и к о в атындагы – Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунун капталдарында (3350 м бийикке чейин) жайгашкан мамлекеттик биосфералык табигый корук. Краснодар крайынын, Адыгэ ж-а Карачай-Черкесиянын аймагында. Аянты 2,8 миң км2. 1979-ж. ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын дүйнөлүк тармагына киргизилген. Кавказдын бийик тоолуу табигый комплексин коргоо максатында 1924-жылы уюшулган. Аймагынын 65% аянтын токой ээлейт. Тур, зоо бөкөнү, бугу мекендейт; зубр байырлатылууда. Тисс-самшит реликт токою (Хостанын тегерегиндеги, аянты 300 га) өсөт. Жаныбарларынын айрымдары РФтин Кызыл китебине катталган. Кавказ коругу 1999-жылы «Батыш Кавказ» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.