ЙАКУБ БЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙАКУБ БЕК , М у х а м м е д Й а к у б - б е к, Ж а к ы п б е к Бадөөлөт Мирлатифбек уулу (1820, Кокон хандыгы, Пскент шаары – 1877, Чы­гыш Түркстан, Комул) – Чыгыш Түркстандагы Жети-Шаар мамлекетинин башкаруучусу. Оозе­ки маалыматтарда кыргыздын кыпчак уруусу­на караштуу тору айгыр уругунан экени айты­лат. 1851-жылы Кокон хандыгы тарабынан Ак- Мечит (азыркы Кызыл-Ордо) шаарына бек болуп да­йындалган. 1852-жылы Ак-Мечитке кол салган пол­ковник Бларамбергдин колуна катуу сокку бер­ген. Кийин «Сары-Камыш көлүн орус өкмөтүнө сатты» деген айып м-н өлүм жазасына бую­рулуп, бирок Алымкул аталыктын жардамы м-н Бухарага качкан (1853). Кудаяр хан тактан түш­көндө (1858) Коконго кайтып келген. Кудаяр хан экинчи жолу бийликке келгенде (1862), Йакуб бек кайрадан өлүм жазасына буюрулган. 1863-жылы Алымкул аталык ага ордо кызматынын бирин берген. 1864-жылы Чыгыш Түркстанда Цин баскын­чылыгына каршы көтөрүлүш башталып (к. Дуң­ган көтөрүлүшү, Дуңган хандыгы), «Канкожо» деген ат м-н кара тоолук кожо Рашид-ад Дин хан шайланган. Анын иниси Искак кожо кол башчы болуп, бул жактагы шаарларды кытай аскеринен бошото баштаганда, кара тоолуктар­га каршы Кашкардын беги Сыдыкбек (бул дагы кыпчактын тору айгыр уругунан) жардам су­рап, Кокон хандыгына кайрылган. Ушундай учурдан пайдаланып, аларды өз таасирине алуу­ну көздөгөн Алымкул ал жакка актоолук (к. «Ышкиййа тарыкаты») кожо – Жааңгер­дин тукуму Бузурукту жиберген. 1864-жылы Бузу­рук кожо Йакуб бектин ж-а Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши м-н Кашкар­га киргенде, Сыдыкбек бийликти Бузурук ко­жого берген. Йакуб бек баатыр-башы кызматын алып, Кашкардын айланасында жети шаарды басып алган (ошондуктан кийин тарыхта «Жети-Шаар мамлекети» деп аталат). Бузурук кожону күч м-н Мекеге жиберип, өзүн Жети-Шаар мамлеке­тинин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («бай дөөлөт» – дөөлөт ээси) деп жарыялаган (1866). 1867-жылы Йакуб бек Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Котон, Аксу ж. б. шаарларды биротоло баш ийдирген ж-а тышкы саясатында Англия м-н Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган. Россиядан Жети-Шаар мамлеке­тин расмий таанууну, өздөрүнө курал-жарак са­тууну ж-а Түркстан, Жети-Суудан Жети-Шаар­га өтүүнү каалоочуларга тоскоолдук кылбоону сураган. Бирок орус өкмөтүнүн Йакуб бек м-н мами­ле түзүү аракети оңунан чыккан эмес. Россияга каршы кыргыз манаптарын колдоп (к. Үмөтаа­лы Ормон уулу, Осмон Тайлак уулу), Ат-Ба­шыны өзүнүкү деп эсептеп, Кара-Кужур, Соң- Көлдү алууга ниеттенген. Сарыбагыштын мана­бы Адыл, бугудан Балбай баатыр, солтодон Май­мыл м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал үч урууну орус баскынчыларына каршы көтөрүүгө чакы­рат, бул кеңеште Шабдан да болгон. Аны м-н байланышы бар деген орус бийлиги Адыл, Бал­бай баатырларды кармап, Верный шаарына жөнөтүп, Маймылды Олуя-Атада атып өлтүрүшкөн. Ошол эле убакта Йакуб бек Форсайт баштаган Англия элчилигин жылуу кабыл алып (1870), ачык эле Түркия м-н Британияга ыктай баштаган. Жети- Шаардын туусу Түркиянын желеги болуп, түрк султаны Абдул-Азиздин атынан тыйын чыга­рылып, түрк султаны ага эмир даражасын ый­гарган. Кашкар шаарынын атынан Мекеге сарай сал­дырган. 1870-жылы Йакуб бек өз ээлигин дагы кеңейтүү максатында Кулжага кол салган. Орус бийли­гинен катуу запкы тартып жатышкан кыргыз, казактар аны тирек кылып, көбү Чыгыш Түркстанга качышкан. Орус бийлиги аларды кайра кайтарууну талап кылат, бирок ал атка­рылган эмес. Натыйжада, 1871-жылы июль айында генерал Колпаковский 3 отряд аскерин Кулжага кийрип, Иле аймагын караткан ж-а Таранчы султандыгы жоюлган. Йакуб бек м-н Россия үчүн пай­далуу соода келишими түзүлгөн (1872). 1874-жылы Англия м-н келишим түзүлүп, ал Кашкардын көз карандысыздыгын ж-а Йакуб бектин бийлигин таа­ныган. Анын аскеринин басымдуу бөлүгү кыр­гыз, казактардан турган. 1877-жылы Комулга жа­кын жерде капысынан кайтыш болгон.


Ад.: Веселовский Н. Бадаулет Якуб-бек Аталык Кашгарский. СПб., 1898; Куропаткин А., Кашгария. СПб., 1879; Тихонов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточ­ном Туркестане. М., 1948; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусульманский мир. Новосибрск, 1990; Сол­тоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Ха­лид К. Тауарих-хамса. А., 1992.

Э. Турганбаев.