ЙАКУБ БЕК
ЙАКУБ БЕК , Мухаммед Йакуб-бек, Жакыпбек-Бадөөлөт Мирлатифбек уулу (1820, Кокон хандыгы, Пскент шаары – май, 1877, Чыгыш Түркстан, Комул) – Чыгыш Түркстандагы Жети-Шаар мамлекетинин башкаруучусу. Оозеки маалыматтарда кыргыздын кыпчак уруусуна караштуу тору айгыр уругунан экени айтылат. Айрым жазма маалыматтарда Йакуб бектин кичүү карындашы Ташкент шаарынын акими Нармухаммедке (Нармат) турмушка чыкканы айтылат. 1851-жылы Кокон хандыгы тарабынан Ак-Мечит (азыркы Кызыл-Ордо) шаарына бек болуп дайындалган. 1852-жылы Ак-Мечитке кол салган полковник Бларамбергдин колуна катуу сокку берген. Кийин «Сары-Камыш көлүн орус өкмөтүнө сатты» деген айып менен өлүм жазасына буюрулуп, бирок Алымкул аталыктын жардам берип, Бухарага качкан (1853). Кудаяр хан тактан түшкөндө (1858) Коконго кайтып келген. Кудаяр хан экинчи жолу бийликке келгенде (1862), Йакуб бек кайрадан өлүм жазасына буюрулган. 1863-жылы Алымкул аталык ага ордо кызматынын бирин берген. 1864-жылы Чыгыш Түркстанда Цин баскынчылыгына каршы көтөрүлүш башталып (кара: Дуңган көтөрүлүшү, Дуңган хандыгы), «Канкожо» деген ат менен кара тоолук кожо Рашид-ад Дин хан шайланган (кара: Исхакийа тарыкаты). Анын иниси Искак кожо кол башчы болуп, бул жактагы шаарларды кытай аскеринен бошото баштаганда, кара тоолуктарга каршы Кашкардын беги Сыдыкбек (бул дагы кыпчактын тору айгыр уругунан) жардам сурап, Кокон хандыгына кайрылган. Ушундай учурдан пайдаланып, аларды өз таасирине алууну көздөгөн Алымкул ал жакка актоолук (кара: «Ышкиййа тарыкаты») кожо – Жааңгердин тукуму Бузурукту жиберген. 1864-жылы Бузурук кожо Йакуб бектин жана Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши менен Кашкарга киргенде, Сыдыкбек бийликти Бузурук кожого берген. Йакуб бек баатыр-башы кызматын алып, Кашкардын айланасында жети шаарды басып алган (ошондуктан кийин тарыхта «Жети-Шаар мамлекети» деп аталат). Бузурук кожону күч менен Мекеге жиберип, өзүн Жети-Шаар мамлекетинин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («бай дөөлөт» – дөөлөт ээси) деп жарыялаган (1866). 1867-жылы Йакуб бек Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Котон, Аксу ж. б. шаарларды биротоло баш ийдирген жана тышкы саясатында Англия менен Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган. Россиядан Жети-Шаар мамлекетин расмий таанууну, өздөрүнө курал-жарак сатууну жана Түркстан, Жети-Суудан Жети-Шаарга өтүүнү каалоочуларга тоскоолдук кылбоону сураган. Бирок орус өкмөтүнүн Йакуб бек менен мамиле түзүү аракети оңунан чыккан эмес. Россияга каршы кыргыз манаптарын колдоп (кара: Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон Тайлак уулу), Ат-Башыны өзүнүкү деп эсептеп, Кара-Кужур, Соң-Көлдү алууга ниеттенген. Сарыбагыштын манабы Адыл, бугудан Балбай баатыр, солтодон Маймыл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал үч урууну орус баскынчыларына каршы көтөрүүгө чакырат, бул кеңеште Шабдан да болгон. Аны менен байланышы бар деген орус бийлиги Адыл, Балбай баатырларды кармап, Верный шаарына жөнөтүп, Маймылды Олуя-Атада атып өлтүрүшкөн. Ошол эле убакта Йакуб бек Форсайт баштаган Англия элчилигин жылуу кабыл алып (1870), ачык эле Түркия менен Британияга ыктай баштаган. Жети-Шаардын туусу Түркиянын желеги болуп, түрк султаны Абдул-Азиздин атынан тыйын чыгарылып, түрк султаны ага эмир даражасын ыйгарган. Кашкар шаарынын атынан Мекеге сарай салдырган. 1870-жылы Йакуб бек өз ээлигин дагы кеңейтүү максатында Кулжага кол салган. Орус бийлигинен катуу запкы тартып жатышкан кыргыз, казактар аны тирек кылып, көбү Чыгыш Түркстанга качышкан. Орус бийлиги аларды кайра кайтарууну талап кылат, бирок ал аткарылган эмес. Натыйжада, 1871-жылы июль айында генерал Колпаковский 3 отряд аскерин Кулжага кийрип, Иле аймагын караткан жана Таранчы султандыгы жоюлган. Йакуб бек менен Россия үчүн пайдалуу соода келишими түзүлгөн (1872). 1874-жылы Англия менен келишим түзүлүп, ал Кашкардын көз карандысыздыгын жана Йакуб бектин бийлигин тааныган. Анын аскеринин басымдуу бөлүгү кыргыз, казактардан турган. 1876-жылы Синьцзяндагы көтөрүлүштү басуу үчүн башкы командачы болуп дайындалган Цзо Цзунтан 180 батальондон (юн) турган 70 000 цин аскери менен адегенде Гучэн шаарын алып, андан кийин Үрүмчү жана Манас шаарларына жүрүшкө чыккан. Алар каратылгандан кийин 1877-жылдын апрель айында цин аскери Жети-Шаарга каршы аттанып, Кашкар, Жаркент, Котон шаарларын басып алышкан. Тарыхый маалыматтарда Йакуб бек 1877-жылы Комулга жакын жерде Котон шаарынын беги Нияз-бек тарабынан ууландырылып өлтүрүлгөн.
Ад.: Веселовский Н. Бадаулет Якуб-бек Аталык Кашгарский. СПб., 1898; Куропаткин А., Кашгария. СПб., 1879; Тихонов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусульманский мир. Новосибрск, 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Халид К. Тауарих-хамса. А., 1992.
Э. Турганбаев.