ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү түздүктүү табигый өлкө. Бразилия бөксө тоосу м-н Анд тоолорунун аралыгындагы (Түштүк кеңдиктин 10°нан 39°на чейин) тектоникалык ийилүүдөгү Маморе, Пантанал, Гран-Чако, Эки­суу арасы ж-а Пампа аккумуляциялык түздүктө­рүн камтыйт. Батышынан Анд тоолору, Пампа сьерралары, түштүгүнөн Патагония м-н чекте­шет. Бийиктиги чыгышында 50–70 мден батышын­да 500–600 мге чейин. Көбүнчө кайнозойдун де­лювий-аллювий чөкмөлөрүнөн туруп, анда өтө катуу тектер 1200–1400 мге чейин көтөрүлүп жатат; түштүгүндө лёсс кеңири таралган. Ланд­шафтына түндүгүндө субэкватордук саванна то­кою ж-а саванна, борбордук бөлүгүндө тропиктик сей­рек токой, түштүгүндө субтропиктик саванна, пре­рия ж-а талаа мүнөздүү. Парагвай, Парана дарыяларын бойлой саздак токой тилкеси созулуп жатат.