ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР
ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү түздүктүү табигый өлкө. Бразилия бөксө тоосу м-н Анд тоолорунун аралыгындагы (Түштүк кеңдиктин 10°нан 39°на чейин) тектоникалык ийилүүдөгү Маморе, Пантанал, Гран-Чако, Экисуу арасы ж-а Пампа аккумуляциялык түздүктөрүн камтыйт. Батышынан Анд тоолору, Пампа сьерралары, түштүгүнөн Патагония м-н чектешет. Бийиктиги чыгышында 50–70 мден батышында 500–600 мге чейин. Көбүнчө кайнозойдун делювий-аллювий чөкмөлөрүнөн туруп, анда өтө катуу тектер 1200–1400 мге чейин көтөрүлүп жатат; түштүгүндө лёсс кеңири таралган. Ландшафтына түндүгүндө субэкватордук саванна токою ж-а саванна, борбордук бөлүгүндө тропиктик сейрек токой, түштүгүндө субтропиктик саванна, прерия ж-а талаа мүнөздүү. Парагвай, Парана дарыяларын бойлой саздак токой тилкеси созулуп жатат.