ИТУРУП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТУРУ́П – Курил аралдары тобундагы эң ири арал. Сахалин облусунун курамында. Аянты 6,7 миң км2, узундугу 200 км, туурасы 27 кмге чейин. Жанартоо массивдери, токол тоолор (бийиктиги 1634 мге чейин) бар. Бамбук, карагай-көк кара­гайлуу токой, жапалак арча өсөт. Аралда Ку­рильск шаары жайгашкан. Цунамини алдын-ала билдирүүчү станция иштейт.