ИТУРУП
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИТУРУ́П – Курил аралдары тобундагы эң ири арал. Сахалин облусунун курамында. Аянты 6,7 миң км2, узундугу 200 км, туурасы 27 кмге чейин. Жанартоо массивдери, токол тоолор (бийиктиги 1634 мге чейин) бар. Бамбук, карагай-көк карагайлуу токой, жапалак арча өсөт. Аралда Курильск шаары жайгашкан. Цунамини алдын-ала билдирүүчү станция иштейт.