ИСТОРИОГРАФИЯ
ИСТОРИОГРА́ФИЯ (гр. historia – тарых ж-а ...графия) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин тарыхы, ошондой эле белгилүү бир доорго, темага арналган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы катары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых материалдарынын топтолушун, тарыхый окуяларды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илиминдеги методологиялык багыттардын алмашышын, тарыхый көз караштардын, коомдук-саясий ойлордун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). Историография архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп булактары сыяктуу тармактар м-н тыгыз байланышта өнүгүп келе жатат. Историография конкреттүү тарыхый эмгектердин материалдары боюнча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. Историография окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. Историография тарыхый булактарды ж-а историографиялык эмгектерди анализдөө м-н катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жолдору м-н методдорунун өнүгүү тарыхын чагылдырат.