ИСТОРИОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТОРИОГРА́ФИЯ (гр. historia – тарых ж-а ...графия) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин та­рыхы, ошондой эле белгилүү бир доорго, темага арнал­ган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы ка­тары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых ма­териалдарынын топтолушун, тарыхый окуялар­ды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илимин­деги методологиялык багыттардын алмашышын, тары­хый көз караштардын, коомдук-саясий ойлор­дун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). Историография архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп бу­лактары сыяктуу тармактар м-н тыгыз байла­нышта өнүгүп келе жатат. Историография конкреттүү тары­хый эмгектердин материалдары боюнча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. Историография окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. Историография тарыхый булактарды ж-а историографиялык эмгектерди анализдөө м-н катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жол­дору м-н методдорунун өнүгүү тарыхын ча­гылдырат.