ИРРАЦИОНАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРРАЦИОНАЛИ́ЗМ (лат. irrationalis – акыл-эссиз) – таанып-билүүдөгү акыл-эстин ролун танган же чектеген философиялык метод. Болмушту ир­рационалдык таанып-билүүнүн негизги ыкма­лары катары эрк, умтулуу, коркуу, өксүк ком­плекси ж. б. психологиялык кубулуштарды атайт. Мисалы, досту кырсыкта бил дешет. Демек, достун чы­ныгы жүзүн сезим же акыл м-н эмес, кандай­дыр бир турмуштук жагдайда, мисалы, башка кыр­сык түшкөндө билүүгө болот.