ЖАМГЫРЧИНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:31, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫРЧИНОВ Бегимаалы [15. 10. 1914, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пиш­пек уезди (азыркы Сокулук району), Күнтуу айы­лы – 31. 10. 1982, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – тарых илимдеринин док­тору (1950), профессор (1951), Кыргыз ССР ИАнын

академиги (1954), Кыргыз ССРинин илим жана техни­ка боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреа­ты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кош­кон тарыхчылардын бири. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин, ошол эле институтта окутуучу, 1943–1950-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер, 1950–1951-жылдарда филиалдын тарых, тил жана адабият институтунда директор, 1951–1954-жылдарда КМУнун ректору, 1954–1955-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–1976-жылдарда вице-президенти, 1976–1982-жылдарда тарых институтунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иш­теген. Жамгырчинов өз эмгектеринде негизинен кыргыз­дардын этногенезин жана этностук тарыхын, мад­аниятын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946, ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча Кыргызстан менен Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыяр­дуу кошулушу», 1963, ж. б.) жана кыргыз тары­хынын ар кандай багыттарына арналган көлөм­дүү эмгектерди, ошондой эле окуу куралдарын жазган. Кыргызстандын тарыхынын бардык басылыштары­нын авторлорунун жана редакторлорунун бири. Б. Жамгырчинов 150дөн ашык илимий, окуу китептин жана эмгек­тин (анын ичинде 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Ок­тябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Бел­гиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.