ЖАМГЫРЧИНОВ
ЖАМГЫРЧИНОВ Бегимаалы [15. 10. 1914, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Сокулук району), Күнтуу айылы – 31. 10. 1982, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – тарых илимдеринин доктору (1950), профессор (1951), Кыргыз ССР ИАнын

академиги (1954), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кошкон тарыхчылардын бири. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин, ошол эле институтта окутуучу, 1943–1950-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер, 1950–1951-жылдарда филиалдын тарых, тил жана адабият институтунда директор, 1951–1954-жылдарда КМУнун ректору, 1954–1955-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–1976-жылдарда вице-президенти, 1976–1982-жылдарда тарых институтунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Жамгырчинов өз эмгектеринде негизинен кыргыздардын этногенезин жана этностук тарыхын, маданиятын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946, ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча Кыргызстан менен Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыярдуу кошулушу», 1963, ж. б.) жана кыргыз тарыхынын ар кандай багыттарына арналган көлөмдүү эмгектерди, ошондой эле окуу куралдарын жазган. Кыргызстандын тарыхынын бардык басылыштарынын авторлорунун жана редакторлорунун бири. Б. Жамгырчинов 150дөн ашык илимий, окуу китептин жана эмгектин (анын ичинде 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.