ИММИГРАНТ
ИММИГРА́НТ (лат. immigrans – көчүп келүү) –башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. Иммигрант саясий, экономикалык, диний, ошондой эле ар кандай себептер м-н куугунтукталып, четтен туруктуу жашоого башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. Иммигранттар көптөгөн мамлекеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4–7-кылымдар), Араб халифатынын түзүлүшү (7–8-кылымдар), Чыңгыз хандын империясынын күч алышы (11–17-кылымдар), улуу географиялык ачылыштар (15–17-кылымдардын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Азиядан ж-а Түштүк Африкадан көптөгөн иммигрант Батыш Европа, Америка өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка байланыштуу качып келген иммигранттар Кыргызстанда да жашоо кечирүүдө.