ИММИГРАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММИГРА́НТ (лат. immigrans – көчүп келүү) –башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. Иммигрант сая­сий, экономикалык, диний, ошондой эле ар кандай себептер м-н куугунтукталып, четтен туруктуу жашоо­го башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. Иммигранттар көптөгөн мамле­кеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4–7-кылымдар), Араб хали­фатынын түзүлүшү (7–8-кылымдар), Чыңгыз хандын им­периясынын күч алышы (11–17-кылымдар), улуу географиялык ачылыштар (15–17-кылымдардын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүй­нөлүк согуштан кийин Азиядан ж-а Түштүк Аф­рикадан көптөгөн иммигрант Батыш Европа, Америка өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка бай­ланыштуу качып келген иммигранттар Кыргызстанда да жа­шоо кечирүүдө.