ИЛОТТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛОТТОР (гр. heilotai) – Байыркы Грекиядагы Спарта багындырып алган Лаконики м-н Мес­сениянын калкы. Спартада мамлекетке көз ка­ранды болушуп, дыйканчылык м-н кесип кы­лышкан калк. Илоттор кулдардан айырмаланып, өздөрүнүн жери, аны иштеткен шаймандары болгон. Жер ээлери илотторду сатууга, өлтүрүүгө акы­сыз болгон. Илоттор Спарта коомунун бардык укук­тарынан пайдаланган эмес ж-а мамлекет тара­бынан белгиленген салык эрежеси боюнча түшкөн түшүмдүн жарымын кожоюндарына берген. Спарталыктардын катуу эзүүсүнө байланыштуу илоттор көтөрүлүшкө чыгып, ал тарыхта 2-Мессен со­гушу (б. з. ч. 7-кылым) деп аталып калган. Илоттордун көтөрүлүшүн болтурбоо үчүн спарталыктар алар­ды мезгил-мезгили м-н жазалап турушкан.