ИЛОТТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛОТТОР (гр. heilo′ tai) – Байыркы Грекиядагы Спарта багындырып алган Лаконики м-н Мессениянын калкы. Спартада мамлекетке көз каранды болушуп, дыйканчылык м-н кесип кылышкан калк. Илоттор кулдардан айырмаланып, өздөрүнүн жери, аны иштеткен шаймандары болгон. Жер ээлери илотторду сатууга, өлтүрүүгө акысыз болгон. Илоттор Спарта коомунун бардык укуктарынан пайдаланган эмес ж-а мамлекет тарабынан белгиленген салык эрежеси боюнча түшкөн түшүмдүн жарымын кожоюндарына берген. Спарталыктардын катуу эзүүсүнө байланыштуу илоттор көтөрүлүшкө чыгып, ал тарыхта 2-Мессен согушу (б. з. ч. 7-кылым) деп аталып калган. Илоттордун көтөрүлүшүн болтурбоо үчүн спарталыктар аларды мезгил-мезгили м-н жазалап турушкан.