«ИЛБИРС»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИЛБИРС» – акционердик коом (1992). 1941-жылы эвакуацияланып келген Харьков трикотаж фабрикасынын базасында түзүлгөн. 1971-жылы трико­таж бирикмеси болуп‚ анын курамына пахта­дан жип ийрүү фабрикакасы да кирген. 1989-жылы фир­малык бир катар дүкөндөрү м-н бирдикте «Илбирс» өнөр жай соода трикотаж бирикмеси (ӨCТБ) болуп кайрадан түзүлгөн. Cырьёнун 79%ин Кыргызстандын аймагында жайгашкан иш­каналардан алат‚ ал эми жасалма‚ синтетика­лык жиптер башка мамлекеттерден ташып ке­линет. Бирикмеде тигүү‚ түйүү‚ боёо цехтери иштейт.