«ИЛБИРС»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ИЛБИРС» – акционердик коом (1992). 1941-жылы эвакуацияланып келген Харьков трикотаж фабрикасынын базасында түзүлгөн. 1971-жылы трикотаж бирикмеси болуп‚ анын курамына пахтадан жип ийрүү фабрикакасы да кирген. 1989-жылы фирмалык бир катар дүкөндөрү м-н бирдикте «Илбирс» өнөр жай соода трикотаж бирикмеси (ӨCТБ) болуп кайрадан түзүлгөн. Cырьёнун 79%ин Кыргызстандын аймагында жайгашкан ишканалардан алат‚ ал эми жасалма‚ синтетикалык жиптер башка мамлекеттерден ташып келинет. Бирикмеде тигүү‚ түйүү‚ боёо цехтери иштейт.