ИЙНЕЛИКТЕР
ИЙНЕЛИКТЕР (Odonata) – курт-кумурскалардын түркүмү. Ийнеликтердин денеси баш-көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Азыркы ийнеликтердин дене узундугу 1,4 – 120 мм. Башынын көп бөлүгүн фасеттүү чоң көздөрү ээлейт. Муруттары кыска.

Тунук, торчолуу, кош жаргак канаттарынын узундугу 10–95 мм, 3 жуп буту көкүрөгүндө жайгашкан. Башка курт-кумурскалардан айырмаланып, жонунан курсагын карай кеткен канат булчуңу ж-а эркегинин экинчилик кошулуу (копуляциялык) аппараты болот. Жумурткасын суунун түбүндөгү топуракка ж-а өсүмдүккө таштайт, личинкалары сууда өөрчүйт, сырткы бакалоору же арткы ичегисиндеги өсүндүсү м-н дем алат. Жетилген ийнеликтер жакшы учат, жырткычтар, азыгын учуп баратып кармап жейт. Ийнеликтер курт-кумурска ж-а алардын личинкалары м-н азыктанып, пайда келтирет, ошондой эле балыктарга жем. Жер бетинде ийнеликтердин 3 түркүмчөсү, 4500дөй түрү көбүнчө нымдуу тропикте ж-а субтропикте таралган. Кыргызстанда 60тан ашуун түрү белгилүү.