ИЙНЕЛИКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙНЕЛИКТЕР (Odonata) – курт-кумурскалар­дын түркүмү. Ийнеликтердин денеси баш-көкүрөк, кур­сак бөлүктөн турат. Азыркы ийнеликтердин дене узундугу 1,4 – 120 мм. Башынын көп бөлүгүн фасеттүү чоң көздөрү ээлейт. Муруттары кыска.

Тунук, торчо­луу, кош жаргак канаттарынын узундугу 10–95 мм, 3 жуп буту көкүрөгүндө жайгашкан. Башка курт-кумурскалардан айырмаланып, жонунан курсагын карай кеткен канат булчуңу ж-а эр­кегинин экинчилик кошулуу (копуляциялык) аппараты болот. Жумурткасын суунун түбүндөгү топуракка ж-а өсүмдүккө таштайт, личинкала­ры сууда өөрчүйт, сырткы бакалоору же арт­кы ичегисиндеги өсүндүсү м-н дем алат. Жетилген ийнеликтер жакшы учат, жырт­кычтар, азыгын учуп ба­ратып кармап жейт. Ийнеликтер курт-кумурска ж-а алар­дын личинкалары м-н азыктанып, пайда келтирет, ошондой эле балыктарга жем. Жер бетинде ийнеликтердин 3 түркүмчөсү, 4500дөй түрү көбүнчө нымдуу тропикте ж-а субтропикте таралган. Кыргызстанда 60тан ашуун түрү белгилүү.