ИЙАБАКУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 15 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙАБАКУ – орто кылымдарда Борбордук Азияда жа­шаган түрк уруусу. Гардизинин фарсча «Зайн ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») де­ген эмгегинде ийабакулар ж-а халлухтардын байла­нышы жөнүндө санжырада түрк аскер башчысынын нөкөрү кылмыш кылып, жазадан коркуп, то­гуз огуздар өлкөсүнө качып келгени айтылат. Бул жерден, ага «Ябагу» деген ат ыйгарылып, тогуз огуздар ээлигинде жашаган халлухтарга аскер башчы болуп шайланган. Ушундан соң, бул уруулук бирикме «ябаку-халлух» аталып калат. Махмуд Кашгари боюнча ийабакулардын өз ал­дынча тили болуп, түрк тилин да дурус билиш­кен. Алар печенек, кыпчак, басмыл, кай, та­тар, кыргыздар м-н бирдикте Византиядан Кы­тайга (Чын) чейинки аймактарда жайгашкан. Ошондой эле Кашкар тоолорунан башталып, Фергана­нын ортосунан Өзгөндү карай аккан дарыя Ийабаку-Сувы деп аталган ж-а кыргыз ийаба­ку ж-а кыпчак уруулары темирди өзгөчө аздек­теп, аны ортого коюп, шерт (ант) беришери ай­тылган. Ийабакулар Караханиддерге каршы согуштар­га да катышкан.


Ад.: Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана, Т. 1. Б., 2000.