ИЙАБАКУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙАБАКУ, йабаку (Yabaghu) – орто кылымдарда Борбордук Азияда жа­шаган түрк уруусу. Гардизинин перс (фарс) тилиндегича «Зайн ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») де­ген эмгегинде ийабакулардын этимологиясы тогуз огуз уруусуна качып келген түрктөрдүн бир кишисине байланышкан. Аны тогуз огуздардын ханы (каган) ошол жердеги жана халлухтардын (кара: карлуктар) башчылыгына дайындап, ушундан улам алар «халлух-йабакулар» (khallukh-i yabaghu) деген кошумча аталышка ээ болгон. М. Кашгари «йабаку» деген аталышты түйдөктөлгөн (саксайган, уйпаланган, үрпөйгөн) чач же жүнгө байланыштырып, алар жашаган жерди кай (qay) жана татар урууларынын ортосуна жайгаштырган. Ийабакулар түрк тилин билген, бирок ал тилден айырмасы йагма, тухси, кыпчак, татар, кай, жумул, огуздар сыяктуу жумшак «з» тыбышын «й» тыбышына алмаштырып айтышкан. Ошол эле учурда йабакулар колдонгон макал-ылакаптар кыргыз, кыпчак ж.б. уруулардыкына абдан окшош болгон. Мисалы, алар кандайдыр бир доо (чыр-чатак, арыз, талаш-тартыш) маселесин чечерде алдыларына кылыч коюп: «бул көк болуп кирип, кызыл чыксын» (бу кўк кирсун кизил жиксун) ант беришкени айтылат. Булардан тышкары М. Кашгари Кашкар тоолорунан Узжанд (Uzjand) аркылуу Ферганага аккан «Йабаку суусу» деген өзөн тууралуу да эскерет. Йабаку (Yabaghu) тууралуу кыскача маалыматтар автору белгисиз «Худуд ал-Аламда» да кездешет. Ал эмгектин түшүндүрмөсүндө бул уруунун аталышы түрк уруулары колдонгон «жабгу» (yabghu) титулу менен байланышы жоктугу эскертилет.

Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. I. VII—XV вв. Арабские и персидские источники. М.-Л., 1939; Hudud al-Alam. The Regions of the World. A Persian Geography 372 A H. – 982 A. D./Tr. and expl. by V. Minorsky; Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005.