ИЗОПРОПИЛ СПИРТИ
ИЗОПРОПИ́Л СПИРТИ , 2 - п р о п а н о л, и з о п р о п а н о л, (СН3) 2СНОН – алифаттык катардагы эң жөнөкөй спирт. Молекулалык салмагы 60,09. Мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук; кайноо t 82,4°С; суу ж-а органикалык эриткичтер м-н бардык катышта аралашат. Суу м-н азеотроптук аралашманы пайда кылат. Изопропил спирти экинчилик бир атомдуу спирттердин бардык касиеттерине ээ; жөнөкөй ж-а татаал эфирлерди пайда кылат, ОН – тобу галоген м-н орун алмашат. Дегидрлөөдөн ацетонго айланат. Күкүрт кислотасынын катышуусунда ароматтык углеводороддор м-н реакцияга кирип, алардын туундуларын (изопропилбензолду, изопропилтолуолду ж. б.) берет. Өнөр жайда пропиленди гидраттоо жолу м-н алынат. Ошондой эле парафиндерди аба м-н окистендирүүдөн да алууга болот. Изопропил спирти ацетонду, эфирлерди ж. б. органикалык бирикмелерди алууда, парфюмерияда, фармацияда, косметика өнөр жайында эриткич катары, майлардын, табигый чайырлардын, латекстердин экстрагенти ж-а антифриз катары колдонулат.