ИЗОПРОПИЛ СПИРТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОПРОПИ́Л СПИРТИ , 2 - п р о п а н о л, и з о ­п р о п а н о л, (СН3) 2СНОН – алифаттык катар­дагы эң жөнөкөй спирт. Молекулалык салмагы 60,09. Мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук; кайноо t 82,4°С; суу ж-а органикалык эриткичтер м-н бардык катышта аралашат. Суу м-н азеотроптук ара­лашманы пайда кылат. Изопропил спирти экинчилик бир атомдуу спирттердин бардык касиеттерине ээ; жөнөкөй ж-а татаал эфирлерди пайда кылат, ОН – тобу галоген м-н орун алмашат. Дегидр­лөөдөн ацетонго айланат. Күкүрт кислотасынын катышуусунда ароматтык углеводороддор м-н реакцияга кирип, алардын туундуларын (изоп­ропилбензолду, изопропилтолуолду ж. б.) берет. Өнөр жайда пропиленди гидраттоо жолу м-н алы­нат. Ошондой эле парафиндерди аба м-н окистен­дирүүдөн да алууга болот. Изопропил спирти ацетонду, эфир­лерди ж. б. органикалык бирикмелерди алууда, парфю­мерияда, фармацияда, косметика өнөр жайында эрит­кич катары, майлардын, табигый чайырлардын, латекстердин экстрагенти ж-а антифриз ката­ры колдонулат.