ИДЕОЛОГИЯ
ИДЕОЛО́ГИЯ (идея ж-а ...логия) – коомдук турмуштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө карата адамдардын мамилесин ж-а өз ара катышын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алдына койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга таянып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын негизинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир максатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, саясат ишке ашырылат. Идеология – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-мазмунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген мааниде киргизилген (1801). Идеология кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Энгельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапатында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий идеология » деп баалаган. Социализм кыйраган соң «идеологиядан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекеттерде улуттук идеологияны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология маселеси бир жаңсыл чечиле элек.
Ж. Бөкөшов.