ИДЕОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕОЛО́ГИЯ (идея ж-а ...логия) – коомдук тур­муштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө ка­рата адамдардын мамилесин ж-а өз ара каты­шын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алды­на койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга тая­нып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын неги­зинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир мак­сатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, сая­сат ишке ашырылат. Идеология – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-маз­мунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген маа­ниде киргизилген (1801). Идеология кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Эн­гельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапа­тында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий идеология » деп баалаган. Социализм кый­раган соң «идеологиядан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекет­терде улуттук идеологияны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология масе­леси бир жаңсыл чечиле элек.


Ж. Бөкөшов.