ИДЕНТИФИКАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕНТИФИКА́ТОР (лат. identifiсаre – окшош­туруу) к о м п ь ю т е р д е – программалоо тилинин өзгөрмөнүн атын ж-а тилдин башка объектилерин белгилөө үчүн колдонулуучу конструкциясысы. Адатта аталыштар латын тамгала­ры ж-а цифралары м-н белгиленет. Мис, х, у,а1, d12, е1fg56z. Ал таблица жазылышында кам­тылган ж-а берилиштердин өзгөчө маанилерин белгилөө үчүн колдонулган кандайдыр бир сим­волдордун удаалаштыгын түшүндүрүп, тамга ж-а белгилерден түзүлөт. Идентификатор өзгөрмөлөрдү, файл­дарды ж. б. объектилерди ж-а программалоо ти­линин процедура, функция ж. б. объектилерин атоодо колдонулат.