ИДЕНТИФИКАТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИДЕНТИФИКА́ТОР (лат. identifiсаre – окшоштуруу) к о м п ь ю т е р д е – программалоо тилинин өзгөрмөнүн атын ж-а тилдин башка объектилерин белгилөө үчүн колдонулуучу конструкциясысы. Адатта аталыштар латын тамгалары ж-а цифралары м-н белгиленет. Мис, х, у,а1, d12, е1fg56z. Ал таблица жазылышында камтылган ж-а берилиштердин өзгөчө маанилерин белгилөө үчүн колдонулган кандайдыр бир символдордун удаалаштыгын түшүндүрүп, тамга ж-а белгилерден түзүлөт. Идентификатор өзгөрмөлөрдү, файлдарды ж. б. объектилерди ж-а программалоо тилинин процедура, функция ж. б. объектилерин атоодо колдонулат.