ИДЕАЛДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕАЛДЫК ф и л о с о ф и я д а – аң-сезим­дин, ой-санаанын, жан дүйнөнүн болуу-жашоо жолун, ыгын мүнөздөгөн философиялык түшүнүк. Тыш­кы дүйнө (табият, буюм-терим ж. б.) материал­дык мүнөзгө ээ, ал эми аны аңдап-билүү, сезүү-­туюу, талдап-баалоо идеалдык мейкинде жүзөгө ашат. Идеалдык кубулуштардын жаралышынын, өсүп­-өнүгүшүнүн, өзгөрүшүнүн, кызмат кылышынын өзүнө тиешелүү (материалдык дүйнөнүкүнөн айырмаланган) мыйзам ченемдери, сын-сыпаты, касиет-сапаты бар. Идеалдык «аң-сезим дүйнөсү», «ой­-кыял мейкини» өңдүү түшүнүктөргө маанилеш.