ИДЕАЛДЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИДЕАЛДЫК ф и л о с о ф и я д а – аң-сезимдин, ой-санаанын, жан дүйнөнүн болуу-жашоо жолун, ыгын мүнөздөгөн философиялык түшүнүк. Тышкы дүйнө (табият, буюм-терим ж. б.) материалдык мүнөзгө ээ, ал эми аны аңдап-билүү, сезүү-туюу, талдап-баалоо идеалдык мейкинде жүзөгө ашат. Идеалдык кубулуштардын жаралышынын, өсүп-өнүгүшүнүн, өзгөрүшүнүн, кызмат кылышынын өзүнө тиешелүү (материалдык дүйнөнүкүнөн айырмаланган) мыйзам ченемдери, сын-сыпаты, касиет-сапаты бар. Идеалдык «аң-сезим дүйнөсү», «ой-кыял мейкини» өңдүү түшүнүктөргө маанилеш.