ИВАНИЦЫН
ИВАНИ́ЦЫН Алексей Илларионович (1870, Одесса – 5. 1. 1925, Ташкент) – Кыргызстанда, анын ичинде Пишпекте туңгуч большевиктер уюмун түзүү ж-а Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн.

1916-жылы Пишпекке келип, большевиктер м-н байланыш түзгөн. 1917-жылы октябрда өзү эмгектенген Чүй сугат тармагынын курулушунда большевиктердин жашыруун тобун уюштурган. Ал топ 1917-жылдын аягында Пишпек большевиктерине кошулган. 1918-жылы февралда Пишпекте Совет бийлиги орнотулуп, апрелде РКП(б)нин Пишпек уезддик-шаардык комитети түзүлүп, анын 1-секретары болуп шайланган. Ысмы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылып, эстелиги тургузулган.